2024-03-14

Японияга студент алмашуу программасына жарыя!


Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин партнер университети катары Кумамото университетинде, табигый жана инженердик илимдер багытындагы магистратура жана докторантура (PhD) студенттери үчүн JASSO стипендиясына 6 айлык жана 11 айлык алмашуу программасына чакырат.

 Документтерди кабыл алуунун акыркы күнү (КТМУ үчүн):     17-май, 2024-ж.

  1. Арыз формасын бул жерден жүктөп алса болот
  2. Документтер Табигый илимдер институтунун катчылыгына тапшырылат
  3. Бардык документтер Табигый илимдер институту аркылуу гана жөнөтүлөт.
  4. Японияга баруу менен байланышкан карантиндик процесстин кошумча чыгымдары (мисалы 2 жумалык карантин ичиндеги чыгымдар) арыз ээси тарабынан төлөнөт.

 Программа тууралу маалымат:

  1. Стипендиянын өлчөмү 80 000 япон йен (учак билеттери камсыздалбайт)
  2. Программанын башталышы: 2024-жылдын 1-октябры
  3. Программанын мөөнөтү: 2024-жылдын октябрынан баштап 6 же 11 ай (тандаса болот)
  4. Программанын мазмуну:
    1. Изилдөө долбоору
    2. Лекциялар:
      1. Күзгү семестрде "Япониядагы учурдагы илим жана технология" (2 кредит)
      2. Курчап турган чөйрө маселелери боюнча темаларга байланыштуу 3 лекцияга катышуу талап кылынат
    3. Талаа сапары (field trip)
    4. Акыркы отчет
    5. Аралык жана жыйынтыктоочу презентациялар
  5. Кумамото университетинен кабыл алуучу профессорду студент өзүнүн изилдөө темасына жараша тандап, анын кабыл алууга макулдугун алуусу зарыл. (Табигый илимдер институтуна кайрылыңыздар, жардам берилет).

An official score of Test of English as a Foreign Language (TOEFL), Test of English for International Communications (TOEIC), or International English Language Testing System (IELTS). Desirable scores are greater than 71 for TOEFL-iBT (530 for TOEFL-pBT), 700 for TOEIC, and 6.0 for IELTS.

*Scores obtained earlier than May 2022 are not valid

Application-Form_2024 (Dosya басып ала аласынар)